> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте сквер куруугу конкурс жарыяланды – сметалык баасы 101 млн сом
- URL: https://im.kg/koom/2023/10/04/bishkiektie-skvier-kuruughu-konkurs-zharyialandy-smietalyk-baasy-101-mln-som/
- Published: 2023-10-04T04:25:14.000Z
- Updated: 2023-10-04T04:25:13.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Босого конушуна сквер курууга конкурс жарыялайт. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.**

Такталгандай, жаңы сквер Биринчи май районуна караштуу Ак-Босого конушунун Чүй көчөсү 52 дарегинде жайгашат. Жер участогунун жалпы аянты – 2.161га.

Долбоордо тротуар, велосипед тилкеси,балдар аянтчасы, волейбол аянтчасы, баскетбол аянтчасы, мини-футбол талаасы, скейтпарк жана велосипедчилер үчүн пандус, көрүүчүлөр трибунасы, унаа токтотуучу жайлар каралган. Сметалык наркы 101 миллион 393 миң 714.7 сом.

2023-жылга 6 млн сом каралган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/10/1696328611.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/10/1696328616.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/10/1696328622-1.jpeg)