Бишкекте сквер куруугу конкурс жарыяланды – сметалык баасы 101 млн сом

Капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Босого конушуна сквер курууга конкурс жарыялайт. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Такталгандай, жаңы сквер Биринчи май районуна караштуу Ак-Босого конушунун Чүй көчөсү 52 дарегинде жайгашат. Жер участогунун жалпы аянты – 2.161га.

Долбоордо тротуар, велосипед тилкеси,балдар аянтчасы, волейбол аянтчасы, баскетбол аянтчасы, мини-футбол талаасы, скейтпарк жана велосипедчилер үчүн пандус, көрүүчүлөр трибунасы, унаа токтотуучу жайлар каралган. Сметалык наркы 101 миллион 393 миң 714.7 сом.

2023-жылга 6 млн сом каралган.