Көк-Жар конушунда бала бакчанын курулушу уланууда

Капиталдык курулуш башкармалыгы Көк-Жар конушунун Молдокулов көчөсүндө 280 орундуу бала бакчанын курулушун улантууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Учурда имараттын айланасына тосмолорду орнотуу, электр монтаждоо, жылытуу, шыбак жумуштары жүрүүдө. Андан тышкары газ отканасын куруу иштери уланууда.

Мектепке чейинки мекеме эки кабаттуу. Имараттын жалпы аянты – 2 927 чарчы метр. Ал эми жердин аянты – 0.8га.

Имаратта, кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык, изоляциялык, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле машыгуу залы, музыкалык зал каралган.

“Эталон Вин Спец Строй” ЖЧКсы подряддык уюму иш алып барууда.