> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда азык-түлүк көйгөйү жаралбайт – өкмөттүн убадасы
- URL: https://im.kg/koom/2023/10/04/kyrghyzstanda-azyk-tuluk-koighoiu-zharalbait-okmottun-ubadasy/
- Published: 2023-10-04T09:30:28.000Z
- Updated: 2023-10-04T09:30:27.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда ун, суу май жана кант көйгөйү жаралбайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.**

Төрөбаев өлкөдө Россия менен Казакстандагыдай эле түшүм көйгөйү жаралганын эскертти.

> "Биз ушул күздөн кийинки жылга чейин кеминде 100 миң тонна буудай камдап коюуну пландап жатабыз", — деди Төрөбаев.

Ошондой эле минкаб жеке чарбалар бар, аларга биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.