Кыргызстанда азык-түлүк көйгөйү жаралбайт – өкмөттүн убадасы

Кыргызстанда ун, суу май жана кант көйгөйү жаралбайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Төрөбаев өлкөдө Россия менен Казакстандагыдай эле түшүм көйгөйү жаралганын эскертти.

"Биз ушул күздөн кийинки жылга чейин кеминде 100 миң тонна буудай камдап коюуну пландап жатабыз", — деди Төрөбаев.

Ошондой эле минкаб жеке чарбалар бар, аларга биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.