Бишкектеги таштанды таштоочу жайдын жанында музей ачылат

Бишкектеги таштанды таштоочу жайдын жанында музей ачылат. Бул тууралуу мэриян билдирди.

Такталгандай, «Булгануунун тарыхын түшүнүү – АРТ ПРОСПЕКТ & ТРЭШ-5» экологиялык искусство фестивалынын алкагында Бишкекте таштанды таштоочу жайдын жанында музей ачылат. Ачылышы 2023-жылдын 7-октябрында «Алтын Казык» конушунда болот.

Ошондой эле катышуучулар архивдик изилдөөлөр, кайра иштетилген материалдардан жасалган интерактивдүү инсталляциялар, спектаклдер, көргөзмөлөр жана көркөм сессиялар, семинарлар, талкуулар жана презентациялар аркылуу өз аймагындагы булгануу көйгөйлөрүн чагылдырган эмгектерин тартуулашат.

Көргөзмөлөр 2 жерде өтүүдө: Эмен паркынын галереясында жана Бишкек шаардык таштанды жайынын жанындагы «Алтын-Казык» конушундагы социалдык «Сакталган китептер китепканасында».