Бишкектин мэриясынын балансына 13.9 млн сомдук жер тилке кайтарылды

Бишкектин Ленин райондук прокуратурасы тарабынан КРнын Жер кодексинин талаптарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Текшерүүдө, 2006-жылы Ленин райондук администрациясынын мыйзамсыз токтому менен А.И. аттуу жаранга “Арча-Бешик” конушунун Ч.Иманкулов көчөсүндөгү (Түштүк магистраль менен чектешет) жер тилкеси жеке турак үй куруу үчүн бөлүнүп, анын негизинде жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы берилип кеткендиги аныкталган.

Райондук прокуратура мыйзамсыз берилген жер тилкесин мамлекетке кайтаруу үчүн сот органдарына доо арыз менен кайрылып, бардык инстанцияда толугу менен канааттандырылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан Бишкек мэриясына талап келтирилип, 13 млн 992 миң сомго бааланган жер тилкеси шаардын балансына кайтарылды.