Кыргызстанда жаштардын Республикалык конгресси башталды

Бүгүн, 5-октябрда Ошто Кыргызстан жаштарынын Республикалык конгресси башталып. Бул тууралуу шаардын мэриясы билдирди.

Такталгандай, жаштардын башын бириктирген конгресстин алкагында эки күн бою жаш муундардын арасында санариптик сабаттуулукту арттыруу, ыктыярчылык, билим берүүнүн заманбап чакырыктары, элет жаштарынын көз караштары тууралуу панелдик сессиялар өтүп, бир топ маселелер талкууланмакчы.

Эки жыл сайын өтүүчү конгресс, жаш муундардын билим алуусун калыптандырууга, аң сезимдерин өнүктүрүүгө багытталган.