Нандын баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Кыргызстанда нандын баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу Экономика министри билдирди.

Министрлик тактагандай, социалдык мааниге ээ нанга жана нан азыктарына баалардын өсүшүнө жол бербөө, алардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, өлкөдө биринчи сорттогу ундан жасалган (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди.