Оштун төрөт үйү 250 орунга көбөйтүлөт

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнүн имараттарынын бири кайра кайтарылат. Буга чейин ал имаратында Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу медициналык институтунун түштүк филиалы жайгашкан. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жетекчилиги Шаятбек Абдурхмановдун айтымында, жыл сайын шаардык клиникалык оорукананын төрөт үйүнө кайрылгандардын саны көбөйүп, шаардын кош бойлуу жана төрөгөн аялдар үчүн керебеттердин жетишсиздиги кескин байкалууда.

«Биздин төрөт үйүбүз Ош шаарынын гана эмес, Ош облусунун тургундарын да кабыл алат. Биздин 185 орундуу төрөт үйүбүздө 2020-жылы – 10 672, 2021-жылы – 11 982, 2022-жылы – 13 041, ал эми 2023-жылдын 6 айында 9 229 төрөт катталган», - деп белгиледи Шаятбек Абдурахманов.

Имарат бошотулгандан кийин төрөт үйүндөгү керебеттердин саны 250 орунга чейин көбөйөт. ОШКОнун директоруна кошумча керебеттерди уюштуруу иштерин тез арада жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Кошумчалай кетсек С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунун түштүк филиалы Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жатаканасынын имаратына көчүрүлөт.