Өзбекстандан 28 тонна жезди мыйзамсыз алып келүү аракетине бөгөт коюлду

Өзбекстандан 28 тонна жезди мыйзамсыз алып келүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Такталгандай, Ошто «Ю.И.И.» аттуу жарандын башкаруусундагы жарым чиркегичи бар жүк ташуучу унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган. Унаанын жүк салуучу бөлүгүн бажылык текшерүү учурунда жалпы салмагы 28 035 кг түзгөн деп маркировкаланып, желим баштыктарга салынган «жез сыныктары» табылган.

Товарлар Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына аз партия менен алынып келинген. Товар коштоочу документтери жок жүк Жалал-Абад облусунун аймагында жүктөлүп, Ош шаарына бара жаткан.

Кырдаалдар такталганга чейин жүк салынган унаа убактылуу сактоочу кампага жеткирилген. Баалоочу компаниянын маалыматы боюнча 1 кг «жез сыныгы» 545 сом, товардын жалпы баасы 15.2 млн сомду түздү.