Кыргызстанга мыйзамсыз ташып келинген BMW X5 аныкталды – зыяндын суммасы 1.6 млн сомдон ашкан

Кыргызстанга Грузиядан А.у.А. аттуу жеке жактын дарегине 2017-жылы чыгарылган BMW X5 унаасы келгени аныкталган. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Бажы контролунун жүргүзүүдө бажылык тариздөөсү жок унаа бажы контролунун зонасында жайгашпагандыгы жана убактылуу сактоо кампасында убактылуу сактоо мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталган.

Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы туумдарды кошкондо 1.7 млн сомду түзгөн.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилген.