Камчы Көлбаевдин мүлкүнүн болжолдуу баасы 1 млрд долларды түзөт - УКМК

2023-жылдын 4-октябрында куралдуу каршылык көрсөтүү учурунда уюшкан кылмыштуу топтун башчысы, мыйзамдагы ууру аталган Камчы Асанбек жок кылынган. Бул тууралуу УКМК эскертип анын мүлкү тууралуу маалыматты таратты.

Такталгандай, Камчыбек Асанбек жетектеген уюшкан кылмыштуу топтун 2008-жылдан баштаган ишин талдоо көрсөткөндөй, ал системалуу түрдө жана максаттуу түрдө “кылмыштуу империяны” түзуп, негизги максаты өзүнүн жана анын жакындарынын мыйзамсыз түрдө баюусу болгон.

К.Асанбектин криминалдык чөйрөдөгү позициясы күчөгөн сайын анын мыйзамсыз каржылык активдери да пропорционалдуу түрдө көбөйгөн, анын ичинде Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү таза иштеген ишкерлердин, орто жана ири бизнестин өкүлдөрүнүн эсебинен көбөйгөн.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, К.Асанбектин мүлкүнүн бир бөлүгү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган жана таза иштеген ишкерлерден тартып алынган. Аларды тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жабыркаган адамдарга кайтаруу иштери жүргүзүлөт.

УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү мамлекеттик кирешеге айлантуу иши башталды. Курулуп жаткан эки гана имаратта К.Асанбек 700дөн ашык батирге ээ болгон, алар мамлекетке өткөрүлөт.

К.Асанбектин тобунун мыйзамсыз баюусунун дагы бир булагы болуп, жаза аткаруу системасынын мекемелеринде отурган адамдардан, алардын жакындарынан жана карапайым ишкерлерден “уурулардын казынасын” толтуруу шылтоосу менен системалуу түрдө акча талап кылуу болгон.

К.Асанбектин мыйзамсыз жол менен алынган бардык мүлкүнүн алдын ала жалпы баасы 1 млрд АКШ долларын түзөт, алар камакка алынды.

Бул К.Асанбектин жана анын айланасындагылардын мыйзамсыз мүлктөрүн издөө иштеринин алгачкы жыйынтыктары гана, издөө иштери ал өлкө ичинде да, чет өлкөлөрдө да, тактап айтканда, анын бизнес кызыкчылыктары болгон Россияда, Казакстанда, Грузияда, Түркияда, БАЭде (Дубай) жана Японияда да улантылат.

УКМК өлкөдө уюшкан кылмыштуулукка жана анын көрүнүштөрүнө каршы элдешкис күрөш ал толугу менен жок кылынмайынча улантылып, анын жыйынтыгы коомчулукка үзгүлтүксүз жеткирилип турарын белгилейт.