КМШ саммитине байланыштуу бишкектик мектептер эки күн онлайн режиминде окушат

Бишкектин мектеп окуучулары эки күн онлайн режиминде окушат. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Такталгандай Борбор калаада КМШ саммитине байланыштуу 2023-жылдын 12-13-октябрында бардык мектептер жана бала бакчалар онлайн режиминде окушат.

Борбор калаанын мэриясынын билим берүү департаменти ата-энелер коомчулугун учурдагы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.