Чек арада ишкерлерден мыйзамсыз акча чогулткан кылмыштуу топ кармалды

Казакстан менен Кыргызстандын чек арасынын ортосундагы өткөрүү пунктунда мыйзамсыз баюу максатында, КРнын аймагында иш алып барган жеке ишкерлерден акча талап кылуу жана өндүрүү боюнча туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурушкан трансулуттук кылмыштуу топ аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Натыйжада үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кыргызстандыктар М.О.Р. жана С.У.Т. (Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жакын туугандары) кармалды.

Учурда бул кылмыштуу схемага тиешеси бар айрым жогорку кызматтагы адамдарды жана аткаминерлерди аныктоо боюнча активдүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.