> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# XIX жайкы Азия оюндарынын алтын медалдын ээлерине 1.2 млн сомдук сертификаттар тапшырылды
- URL: https://im.kg/koom/2023/10/10/xix-zhaiky-aziia-oiundarynyn-altyn-miedaldyn-eelierinie-1-2-mln-somduk-siertifikattar-tapshyryldy/
- Published: 2023-10-10T03:15:32.000Z
- Updated: 2023-10-10T03:15:32.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Кытайда өткөрүлгөн XIX жайкы Азия оюндарына катышкан КРнын спортчуларын куттуктады. Бул тууралуу минкаб билдирди.**

Такталгандай, алтын медалдын ээлерине 1 млн 250 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Күмүш медаль алгандарга 750 миң сомдук, коло медаль алгандарга 500 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Жапаров балбандар жаракат алып калганына карабастан, бекем эркти, майтарылбас, кажыбас кайратты көрсөтүп, кыргыз куржунун алтын, күмүш, коло медалдары менен толтурганын белгиледи. 

Акылбек Жапаров андан ары спорттук эксперттер белгилегендей Азия оюндарында кыргыз спортчулары сапатка иштешкенин кошумчалады. 

> “Сиздер 4 алтын, 2 күмүш жана 9 коло медалды жеңдиңиздер.45 өлкөнүн арасында 18-орунду ээледик. Бул Кыргызстандын ар бир жараны үчүн чоң кубаныч жана зор сыймыктануу” – деди ал. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/10/6523f49ddbff3.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/10/6523f4a192f08.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/10/6523f49d819b8.jpg)