«Баткен» эл аралык аэропортунда атайын техникалар үчүн гараж курулуп жатат

«Баткен» эл аралык аэропортунда аэропортту тейлеген атайын техникалар үчүн жаңы заманбап гараждын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

Курулуш аэропорттун натыйжалуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга багытталган. Жаңы гараж техникалык тейлөөнү жана учуу коопсуздугун камсыз кылган атайын жабдууларды жайгаштыруу үчүн курулууда.

Буга учуп-конуу тилкесин тейлөө механизмдери, жүргүнчүлөрдү ташуучу учактарды тейлөөчү унаалар жана аэропорттун ишенимдүү иштеши үчүн зарыл болгон башка техникалык жабдуулар орун алмакчы.