Оштун мэриясы «Коопсуз шаар» долбоорунун камераларына 2.5 млрд сом сарптайт

Оштун мэриясы «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында камераларды сатып алууга 2.5 млрд сом сарптайт. Бул тууралуу тендер мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Түштүк борбордун муниципалитети калктуу пункттардагы кесилиштерде жол кыймылынын эрежелерин жана агымын каттоо үчүн стационардык комплекстерди, жолдордун жогорку ылдамдыктагы участокторунда эреже бузууларды каттоо үчүн чек ара комплекстерин, мобилдик аппараттык-программалык комплекстерди (ЖКК) сатып алууну пландаштырууда.