Салыкчы ишкерлерден системалуу түрдө акча талап кылуу боюнча кармалды

Салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын атайын салык режими башкармалыгынын башкы инспектору Б.М.С. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.       

Такталгандай, 2023-жылдын 11-октябрында Салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын атайын салык режими башкармалыгынын башкы инспектору Б.М.С. кармалды, ишкерлерди электрондук төлөм системалары аркылуу акча которууларды жүргүзүүгө үндөп, ортомчулук кылган Ж.Р.К. аттуу жарандын кылмыштуу көмөгү менен ар кандай салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү коркунучу менен чакан жана орто бизнесмендерден акча каражаттарын системалуу түрдө көмүскө чогултууну уюштурган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Б.М.С. жана Ж.Р.К. КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тиешелүү процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.