Тимур Файзиев эки айга камакка алынды

Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев тергөө амалдарынын жүрүшүндө эки айга камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты борбор калаанын сот органдары тастыкташты.

Маалым болгондой, Октябрь райондук сотунун судьясы УКМКнын тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Файзиевге карата 9-декабрга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонгон.

Эскерте кетсек, 10-октябрдын алдында ишкер УКМК суракка келгенден кийин кармалганы белгилүү болгон. Сурак аяктагандан кийин тергөөчүнүн чечими менен ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.