> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 4 700 сомдон көмүр  сатыла баштады – дареги, баасы
- URL: https://im.kg/koom/2023/10/13/bishkiektie-4-700-somdon-komur-satyla-bashtady-darieghi-baasy/
- Published: 2023-10-13T06:00:40.000Z
- Updated: 2023-10-13T06:00:39.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кыргызкөмүр» МИ тарабынан 4 700 сомдон көмүр сатуу пункту уюштурулган. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.**

Такталгандай көмүр Бишкекте Ден-Сяопин, 306 б көч., дареги боюнча сатылат. Бүгүнкү күндө 800 тонна көмүр бар.

Белгилей кетсек, бюджеттик мекемелер, социалдык объектилер жана калк үчүн 2023-жылдын 2-сентябрынан баштап көмүр ташылып, күнүнө 5-6 миң тоннага жакын көмүр же 200-250 унаа көмүр ташылып келет.

Кошумчалай кетсек, жакынкы күндөрү оор жүк ташуучу унаалар менен төмөндөгү даректерге 4 700 сомдон көмүр келери күтүлүүдө:

· Мурманская 126;

· Алыкулов 6 б;

· Алматинская-Обьездная (кесилиште);

· Нижняя Аларча айылы (Курманалиева көчөсү б/н).