Бишкекте 4 700 сомдон көмүр сатыла баштады – дареги, баасы

«Кыргызкөмүр» МИ тарабынан 4 700 сомдон көмүр сатуу пункту уюштурулган. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Такталгандай көмүр Бишкекте Ден-Сяопин, 306 б көч., дареги боюнча сатылат. Бүгүнкү күндө 800 тонна көмүр бар.

Белгилей кетсек, бюджеттик мекемелер, социалдык объектилер жана калк үчүн 2023-жылдын 2-сентябрынан баштап көмүр ташылып, күнүнө 5-6 миң тоннага жакын көмүр же 200-250 унаа көмүр ташылып келет.

Кошумчалай кетсек, жакынкы күндөрү оор жүк ташуучу унаалар менен төмөндөгү даректерге 4 700 сомдон көмүр келери күтүлүүдө:

·         Мурманская 126;

·         Алыкулов 6 б;

·         Алматинская-Обьездная (кесилиште);

·         Нижняя Аларча айылы (Курманалиева көчөсү б/н).