Депутаттар Тогуз-Торонун мектептериндеги ысык тамактын уюштурулушу менен таанышты

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин депутаттары Винера Раимбачаева, Аида Исатбек кызы менен Эрулан Кокулов Тогуз-Торо районуна болгон иш сапарынын алкагында райондогу Ы.Кадыркулов атындагы жана Дөдөмөл айылындагы №10 мектептерде ысык тамактын уюштурулушу менен таанышты. Бул тууралуу парламент билдирди.

Депутаттар Дөдөмөл айылындагы бала бакчанын имаратынын абалы менен таанышты. Белгилей кетсек, бала бакчага ФАПтын эски имараты бөлүнүп берилген, ал 2 бөлмөдөн турат жана мектепке чейинки билим берүү мекемеси үчүн белгиленген талаптарга жооп бербейт. Уктоочу жай жок, коридордо ашкана уюштурулган.

Мындан тышкары, депутаттар Ы.Кадыркулов атындагы жана Дөдөмөл айылындагы №10 мектептердеги ысык тамактын уюштурулушу менен таанышты. Алар Дөдөмөл айылына бала бакча менен мектептин курулушун титулдук баракчага киргизүүнү кароо керектигин белгилешти.

Муну менен катар депутаттар Таштемир Сатыбалдиев атындагы мектептеги окуу процесси менен таанышты. Эл өкүлдөрү менен болгон жолугушууда аталган билим берүү жайларынын директорлору мектептерди окуу материалдары, анын ичинде географиялык карталар, көрсөтмө жана башка каражаттар менен камсыздоо зарылдыгын айтышты