Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов эки айга камакка алынды

Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту билдирди.

Такталгандай, Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун 12-октябрындагы токтому менен УКМКнын тергөө башкы башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылып, И.А.Х.ны ушул жылдын 4-декабрына чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Эскерте кетсек, УКМК Иминовду КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүмү ("Уюшкан топ түзүү же ага катышуу") менен К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармаган.