«Камбар-Ата ГЭС-2» күз-кыш мезгилине даярдыктарын улантууда

«Электр станциялары» ААК 2023-2024- жылдагы куз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин токтоосуз аткарууда. Бүгүнкү күндө «Камбар-Ата ГЭС-2де»  бир катар жумуштар аткарылды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Министрлик билдиргендей, төмөндөгү оңдоо иштери аяктады: 

·         3 электр кыймылдаткычтарынын (37кВт, 65кВт, 110 кВт) капиталдык оңдоо иштери аягына чыкты; 

·         автотранспорттук бөлүмүнүн 4 унаасын оңдоо иштери бүткөрүлдү. Ал ГЭСтин - 85 км аралыкка кызматкерлерди  ташууда, унаалар менен болгон жумуштарды үзгүлтүксүз аткарууда, алардын иштөө ишенимдүүлүгүн  жогорулатуу  үчүн жасалды;

·         байланыштары бар шиналар системасы (1-СШ-110) техникалык тейлөөдөн өтүп, ишке киргизилди;

·         ал эми учурда жылдык график боюнча төмөндөгү оңдоо иштери жүргүзүлүүдө;

·         залынын чатырынын жарык өткөрүүчү бөлүгүн ондоо иштери өткөрүлүүдө;

·         2023-жылдын 16-октябрынан ГЭСтин курулуш жана эксплуатациялоочу суу каналынын, суу кабыл алуучу курулманын тосмо дубалын ондоо пландалууда.

01.11.2023-жылдан баштап «Б» башкы клапанын (темирин ) дат басуудан сактоо үчүн, сырдоо менен капиталдык оңдоодон өткөрүү пландаштырылууда.  Белгилей кетсек, жылдык планы боюнча КАГЭС-2 ремонт иштерин  ноябрга барып бүткөрүлөт.

Гидроагрегат ГА-1 техникалык тейлөө, оңдоп-түзөө иштери болуп жатат.