> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлгө сазандын 90 миңден ашык чабагы кое берилди
- URL: https://im.kg/koom/2023/10/13/ysyk-kolgho-sazandyn-90-mindien-ashyk-chabaghy-koie-bierildi/
- Published: 2023-10-13T08:10:21.000Z
- Updated: 2023-10-13T08:10:21.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Ысык-Көлгө сазан балыгынын 90 миңден ашык чабагы кое берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

Маалыматка ылайык, чабактар Балык чарба департаменти тарабынан Улуттук илимдер академиясынын Биология институту менен биргеликте кое берилди.

Чабактардын орточо салмагы 7-8 граммга жеткен чабактар Тоң балык заводунун, «Караколбалыгы» ЖЧКсынын жана «Ысык-Көл плюс» балык өстүрүү кооперативинин көлмөлөрүндө өстүрүлгөн.

> «Чабактар Тоң районунун Тоң дарыясына, Жети-Өгүз районундагы Ысык-Көл көлүнүн «Тынч булуң» тилкесинде, Кызыл-Суу айылындагы пристандарда, Каракол шаарындагы пристандарда жана Түп районундагы Кутургу булуңунда жүргүзүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Сазан балыктарынын чабактарын кое берүү (балыктандыруу) көп жылдардан бери биринчи жолу жүргүзүлдү. Өткөн жылдары Ысык-Көлдүн балык уулоочу аймактары балыктын личинкасы менен балыктандырылган. Кое берилген чабактардын жалпы саны 90 миңден ашык.