Бишкек – Ош жолунда кышкы дөңгөлөктөрү жок кичиавтобустар менен жүргүнчү ташууга тыюу салынды

Бишкек – Ош унаа жолу аркылуу кышкы дөңгөлөктөрү жок кичиавтобустар жана минивэндер менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынды. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.

Маалыматка ылайык, чектөөлөр 2023-жылдын 15-октябрынан 2024-жылдын 1-майына чейин киргизилди.

Мындай чечим кыш мезгилинде жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында кабыл алынган.

Учурда ЖКККББнын кызматкерлери автобекеттерде маршруттук унаалардын айдоочуларына жолго чыкпоо керектиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.