> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абадда ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды
- URL: https://im.kg/koom/2023/10/16/zhalal-abadda-ipotiekalyk-kop-kabattuu-uidun-kurulushu-bashtaldy/
- Published: 2023-10-16T12:00:24.000Z
- Updated: 2023-10-16T12:00:24.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Жалал-Абадда 639 батирден турган "Асман резиденс" ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.**

Долбоорду ишке ашыруу тууралуу президентинин иш башкармалыгы, Мамлекеттик ипотекалык компания жана Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен үч тараптуу келишим түзүлгөн.

Ипотекалык турак жайга шаардык мэрия тарабынан 1.6 гектар жер аянты ажыратылган. Курулуш аяктаса мамлекеттик кызматкерлер, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, көп балалуу жалгыз бой үй-бүлөлөргө 4%, калган тургундар 8% үй алуу мүмкүнчүлүгү бар.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/10/392808319_1431476167719643_4510270824764716497_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/10/392822003_1431476157719644_2712954855907271684_n.jpg)