Жалал-Абадда ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

Жалал-Абадда 639 батирден турган "Асман резиденс" ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Долбоорду ишке ашыруу тууралуу президентинин иш башкармалыгы, Мамлекеттик ипотекалык компания жана Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен үч тараптуу келишим түзүлгөн.

Ипотекалык турак жайга шаардык мэрия тарабынан 1.6 гектар жер аянты ажыратылган. Курулуш аяктаса мамлекеттик кызматкерлер, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, көп балалуу жалгыз бой үй-бүлөлөргө 4%, калган тургундар 8% үй алуу мүмкүнчүлүгү бар.