Жумгалда жети жылдан бери курулуп жаткан мектеп ачылат

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызыл Жылдыз айылындагы К.Акыев атындагы 225 орундуу мектепте курулуш иштери аяктады. Бул тууралуу Мамкурулуштун директору Мырзабек Жыпаркулов билдирди.

Анын айтымында, куруу 2016-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Бүгүнкү күндө билим уясынын курулуш-монтаждоо иштери жана спорт зал корпусу толук бүткөрүлдү.

Ал эми мектептин айланасын жашылдандыруу жумуштары дээрлик аяктап калды.

Ушул жылдын 16-октябрында мектеп окуучуларга пайдаланууга тапшырылат.