Бишкекте 4 700 сомдон көмүр 5 отун базада сатылууда – даректер

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы 4 700 сомдон көмүр сатуу пункту уюштуруган. Көмүр вагондор жана оор жүк ташуучу унаалар менен ташылып жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Бюджеттик мекемелер, социалдык объектилер жана калк үчүн 2023-жылдын 2-сентябрынан баштап көмүр ташылып, күнүнө 5-6 миң тоннага жакын көмүр же 200-250 унаа көмүр ташылып келет.

Бишкектин тургундары сатылып жаткан көмүрдү төмөндөгү даректерден келип алса болот:

• Мурманская 126;

• Алыкулов 6 б;

• Алматинская-Обьездная (кесилиште);

• Ылдыйкы Аларча айылы (Курманалиева көчөсү б/н);

• Ден-Сяопин, 306 б.

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы күз-кыш мегзигине даярдыкты көрүүнүн алкагында калкка көмүрдү үзгүлтүксүз ташууда.