Бишкекте Ленин районунун соту кармалды – ал 2 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылган

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т (Кенжебаев Нурлан Торобаевич) кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 2 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылуу жана алуу фактысы учурунда сот жана ортомчулар катары иш алып барышкан судьянын консультанты Ш.Ч.Т. жана судьянын жакын досу Т.М.Ш. да кармалды.

Бул кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын үрүшүндө, судья К.Н.Т. банктык которуулар аркылуу ушул сыяктуу опузалап талап кылуу жана ири өлчөмдөгү пара катары акча каражатын алуу боюнча бир катар фактылары аныкталды, айыпталган адамдардан которулган акча каражаттарынын алып туруучу болуп судьянын тууганы Т.Н.Н. жана анын эжеси К.А.Т. катышкандыгы такталды.

Тергөө иштеринин алкагында судьянын тууганы Т.Н.Н. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен КР Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын 1-тергөө абагына камака алынды.

2023-жылдын 5-сентябрында КР УКМК тарабынан чогултулган материалдарынын негизинде, КР Башкы прокурору аталган судьяга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 342 жана 343-беренелеринде (Опузалап пара талап кылуу жана алуу) каралган кылмыш белгилери боюнча экинчи кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын 16-октябрында Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.