Ишкер муниципалдык жерге үй куруп турак жайлар 10%ын мамлекетке өткөрүп берген эмес – УКМК

УКМК Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти менен биргеликте жер участокторун пайдаланууга мыйзамсыз берүү жана ижарачылар тарабынан жерди пайдалануу шарттарын сактабоо фактылары аныктаган.

Маалыматка ылайык, тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, 2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан «И.М.С.» ЖЧКсына жана А.Э.Т. аттуу жаранына убактылуу пайдалануу үчүн жер тилкелери берилгени аныкталды.

Жер участогун берүү шарттарына ылайык, аталган компания берилген аймакты көп кабаттуу үйлөр менен өздөштүрүшү керек болчу жана негизги шарттардын бири курулган батирлердин 10% муниципалдык менчикке берүү болгон. Бирок бул шарттар аткарылган эмес.

“Мэрияга алынган батирлер социалдык маселелерди чечүүгө жана өзгөчө муктаж болгон калктын аялуу катмарын турак-жай менен камсыз кылууга жумшалышы керек болчу. Көрүлгөн чараларды, жалпы аянты 6644 чарчы метр болгон 100дөн ашык батир жана турак эмес жайлар муниципалдык менчикке өткөн 505 млн сом суммасында жана 88.9 млн сом мамлекетке кайтарылган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Толтурулган зыяндын жалпы суммасы 593.9 млн сомду түздү.