Камчы Көлбаевдин асыл тукум жылкылары алынды – баасы 500 миң доллардан ашык

Маркум Камчы Көлбаевдин 500 миң АКШ долларынан ашык баалуу асыл тукум жылкы түрүндөгү кошумча мүлкү аныкталып, алынды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тергөөнүн маалыматы боюнча төмөнкү жылкылар алынды: “Баш кашка” англис породасы – баасы 150 миң доллары, “Командор” англис породасы – баасы 100 миң доллары, “Раушан” англис породасы – 100 миң доллары, “Дончак” донской англис породасы – 100 миң доллары, “Кундуз” таза кандуу англис – 50 миң доллары, “Байтал” таза кандуу англис – 50 миң доллары, “Острый” – 15 миң доллары, ошондой эле Р.Акматбаевдин туугандарынын сарайынан К.Асанбек тарабынан алынган аты жок асыл тукум бээ – баасы 5 миң доллар.

Учурда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо иштери уланууда.