Кара-Сууда мыйзамсыз менчиктештирилген 7 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Ош областтык прокуратурасы тарабынан соттун чечиминин аткарылышына карата жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 7 млн сомдук 0.5 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Атап айтканда, 2014-жылы Ош областнын район аралык сотунун чечими менен Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл өкмөтүнүн Большевик айылындагы 0.5 га жер тилкеси А.А. аттуу жарандын менчиги деп таанылган.

Аталган соттун чечимине Ош областтык прокуратурасы тарабынан апелляциялык сунуш келтирилип, анын кароосунун жыйынтыгында Ош областтык сотунун чечими менен жогорудагы район аралык соттун чечими жокко чыгарылган.

Областтык прокуратуранын прокурордук актысынын негизинде 7 миллион 31 миң сомго бааланган 0.5 га жер тилкеси Жоош айыл өкмөтүнүн балансына алынды.