Ноокатта 190 орундук мектеп курулуп бүттү – иштер 2021-жылы башталган

Ноокат районунда Кургак-Тектир айылындагы мектебинин курулушу 2021-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, кубаттуулугу 190 орунга ылайыкталган. Бул тууралуу Мамкурулуштун жетекчиси Мырзабек Жыпаркулов билдирди.

Маалыматка ылайык, мектепте замандын талабына жооп берген компьютердик класс, жөнөкөй кабинеттерден сырткары атайын физика, биология, химия кабинеттери жана лабораториялар бар. Окуучулар үчүн кол эмгек жана ар түрдүү кружокторду өткөрүү үчүн чоң кабинеттер каралган.

Жана ошондой эле жаңы билим уясында китепкана, ашкана, гимнастикалык зал каралган. Мектептин аянтында ар түрдүү спорт оюндары үчүн аянтчалар курулду.