Нурланбек Шакиев Жумгалда жаңы мектептин ачылышына катышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Жумгал районуна барып, Кызыл-Жылдыз айылына курулган К.Акиев атындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу парламент билдирди.

Мамлекетте жасалып жаткан иштерге токтолгон Нурланбек Шакиев: “Акыркы үч жылда мамлекеттин казынасы үч эсе өсүп, бардык тармактарда ийгиликтер болууда. Айрыкча билим берүү жаатында көп жумуштар жасалып, жаңы мектептер, бала бакчалар курулуп, агартуучулардын айлык маянасы жогорулатылды. Бул албетте чек эмес. Мындан ары да көптөгөн иштер жасалып, ири долбоорлор ишке ашырылат”, – деди.

Муну менен катар кийинки жылдын бюджети 657 млрд сом болорун айткан төрага: “Мурда дефицит менен эсептелген бюджет, жылдан-жылга профицит менен бекитиле баштайт. Бул салык саясатын туура жүргүзүүнүн, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруунун жана коррупцияга каршы күрөштүн күчөтүлгөндүгүнүн натыйжасы десек жаңылышпайбыз”,– деп кошумчалады.

Төрага мектепти жаңылоо жана заманбап жабдуулар менен камсыздоо ишин тиешелүү жетекчилерге табыштап, окуучулардын татыктуу таалим-тарбия алуусуна керектүү шарттарды түзүү башкы маселе экенин белгиледи.