Бишкекте №226 автобус каттамы ачылды – ал Дордойго каттайт

18-октябрдан тартып Бишкекте №226 автобус каттамы каттай баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бул чечим шаардын каттамдык тармагын оптималдаштыруунун натыйжасында жана тургундардын, “Дордой” СБКнин жумушчуларынын, базарга келүүчүлөрдүн жана администрациясынын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен кабыл алынды.

Мындан кийин  №226 кичи маршуттук  каттам ушул эле номурдагы автобустарга алмаштырылып, аны “БЖАИ” МИ тейлейт.

Каттам Асанбай кичи районунан “Дордой” СБКга чейин каттап, шаардын түштүк жана түндүк райондорун камтыйт, узундугу 28,4 км, ал эми автобустардын кыймыл интервалы 7-10 мүнөттү түзөт. Каттамда 20 автобус кызмат көрсөтөт.

Транспорт департаменти ар бир жүргүнчү үчүн ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга умтулат, ошондой эле бардык жүргүнчүлөрдөн тазалыкты сактоону суранат.