Бишкекте тандыр наны 30 сомдо 27 сомго чейин арзандады – мониторингдин жыйынтыгы

2023-жылдын 17-октябрь күнү Бишкекте нан бааларына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Мониторингдин жүрүшүндө нан азыктарын өндүрүүчүлөр (нан бышыруучулар) жана сатуучуларга биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нанына (бөлкө нан) жана нан азыктарына (тандыр нан) баалардын максималдуу деңгээли белгилөө жөнүндө» буйрук тууралуу маалымат берилди.

Мониторинг учурунда буга чейин 30 сомдон сатылып жаткан тагдыр нандары, 27 сомго түшкөнү белгилүү болду. Тандыр нандарынын баалары төмөндөгөнү байкалды.