> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эртең Бишкекте суу өчүрүлөт – даректер
- URL: https://im.kg/koom/2023/10/18/ertien-bishkiektie-suu-ochurulot-dariektier/
- Published: 2023-10-18T12:05:51.000Z
- Updated: 2023-10-18T12:05:50.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын 19-октябрында саат 9:00 - 24:00 чейин Бишкектин бир нече райондорунда ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.**

Такталгандай, төмөнкү даректердеги турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Өчүрүү төмөнкү көчөлөрү менен чектелет:

Л. Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромский, Циалковский, Т. Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Торугарт көчөлөрүндө, «Жумушчу шаарчасы», «Институт Землиделия», «Ак-Өргө», «Ак-Ордо» конуштарында (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) жана «Тенир-Тоо» конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы).

Ичүүчү сууну өчүрүү «Гагарин» жана «Түштүк-Батыш» суу топтоморунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин өткөрүүгө байланыштуу жүргүзүлөт.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.