Кыргызстан оогандыктарга гуманитардык жардам көрсөттү

2023-жылдын 4-октябрынан 16-октябрына чейин Кыргызстандын гуманитардык экспедициясы Бадахшан провинциясына, ошондой эле Афганистандын Кичи жана Улуу Памирине кургактык транспорту менен 2 тоннага жакын дары-дармектердин жана ветеринардык препараттардын партиясы жеткирди. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Медицина кызматкерлерине: педиатр, терапевт, стоматолог, гинеколог кирди, алар бийик тоолуу шартта, 4 200 метр бийиктикте үч күн ичинде 600дөн ашык муктаж болгон жергиликтүү тургундарды медициналык кароодон өткөрүштү жана дарылашты. Ветеринарлар эпизоотиялык абалды изилдеп, 700дөн ашык бодо малды жана майда малды эмдөөдөн өткөрүштү.

Ошондой эле жергиликтүү тургундарга ветеринардык дары-дармектер берилип, аларды ар кандай оорулардын алдын алуу үчүн колдонуу боюнча окуулар өткөрүлдү.