Нурланбек Шакиев төрага резервдик фондунан ак-талаалыктарга 500 миң сом которорун убадалады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Нарын облусундагы экинчи күндөгү иш сапары Ак-Талаа районунда уланды. Бул тууралуу парламент билдирди.

Маалыматка ылайык, Шакиев жергиликтүү тургундар менен өткөрүлгөн жолугушууда Тоголок Молдо айылын таза суу менен камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер каржынын жетишсиздигинен токтоп турганы айтылды. Өз кезегинде Төрага резервдик фондунан 500 миң сом которорун убада кылды.

Андан соң, Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Баетов айылындагы Жалпы дарыгерлик практикалык борборунун абалы менен таанышты. Анын ичинен айрымдары учурда оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Ал эми үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашкан имараты эскирип, жаңылоого муктаж. Ак халатчан адистер менен уюштурулган жолугушууда имаратты жаңылоо жана дарыгерлердин жетишсиздиги негизги көйгөй катары айтылды.

Төрага Нурланбек Шакиев жаңы имарат куруу тууралуу сунушту өзү көзөмөлгө аларын белгилеп, тийиштүү жетекчилерге маселени чечүү тапшырмасын берди. Ошондой эле жаш адистерди тартуу жаатында жергиликтүү жетекчилер да жигердүү иш алып барышы керектигин кошумчалады.