> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Пакистандан мыйзамсыз миграциялык каналдын уюштуруучусуна пара берген кыргызстандык кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2023/10/18/pakistandan-myizamsyz-mighratsiialyk-kanaldyn-uiushturuuchusuna-para-bierghien-kyrghyzstandyk-karmaldy/
- Published: 2023-10-18T05:40:12.000Z
- Updated: 2023-10-18T05:40:11.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Пакистандын жарандарын КРнын мамлекеттик чек арасы аркылуу Казакстан тарапка кызматтык өткөрүү пункттарын айланып өтүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.**

Такталгандай, 1983-жылы туулган Э.Б.И. аттуу Кыргызстандын жараны Чүй облусунун аймагынан кармалды. 2023-жылдын 12-октябрында кылмыш ишинин алкагында, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, мигранттарды мыйзамсыз алып келүү жана алып чыгуу) каралган кылмыштын негизинде козголуп, Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз миграциялык каналды уюштуруучуга 1 700 доллар өлчөмүндө акча каражаттарын которууда, 1982-жылы туулган Б.А.М. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалды.

Алар Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен 2 айлык мөөнөткө Бишкек шаарындагы №1 тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу чет элдик жарандарды мыйзамсыз алып өтүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.