Пакистандан мыйзамсыз миграциялык каналдын уюштуруучусуна пара берген кыргызстандык кармалды

Пакистандын жарандарын КРнын мамлекеттик чек арасы аркылуу Казакстан тарапка кызматтык өткөрүү пункттарын айланып өтүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Такталгандай, 1983-жылы туулган Э.Б.И. аттуу Кыргызстандын жараны Чүй облусунун аймагынан кармалды. 2023-жылдын 12-октябрында кылмыш ишинин алкагында, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин  2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, мигранттарды мыйзамсыз алып келүү жана алып чыгуу) каралган кылмыштын негизинде козголуп, Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз миграциялык каналды уюштуруучуга 1 700 доллар өлчөмүндө акча каражаттарын которууда, 1982-жылы туулган Б.А.М. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалды.

Алар Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен 2 айлык мөөнөткө Бишкек шаарындагы №1 тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу чет элдик жарандарды мыйзамсыз алып өтүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.