Жапалакта 1 жыл ичинде 2 кабаттуу жаңы бала бакча курулду

Кара-Суу районундагы Жапалак айылындагы бала бакчанын курулушу 2022-жылы башталып, имарат 2 кабаттан туруп, кубаттулугу 75 орунга ылайыкташтырылган. Бул тууралуу Мамкурулуштун жетекчиси Мырзабек Жыпаркулов билдирди.

Анын айтымында, долбоорго ылайык, жаңы бакчада сабактарды жана оюндарды өткөрүү үчүн атайын класстар, балдар үчун ыңгайлуу уктоочу бөлмөлөр, кийим алмаштыруучу жайлар бар. Ашкана, ага кошо жашылча-жемиштерди жана кургак азыктарды сактоочу кампа, санитардык түйүндөр каралган. Мындан сырткары медициналык кабинет жана музыкалык сабактар бөлмөсү түзүлгөн.

Бала бакчанын аймагында балдар үчүн атайын жабдуулары менен оюн аянтчалары курулду.