Жаратылышты өнүктүрүү фондунда 810.2 миң сомдук финансылык бузуулар аныкталды

2023-жылдын 17-октябрында Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында, «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» Коомдук фондунун ишине 2019-2022-жылдар аралыгына карата жүргүзүлгөн шайкештик  аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчет каралды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигине караштуу «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» Коомдук фондунда 810.2 миң сомдук каржы бузуулары аныкталган, анын ичинде:

•        фонддун финансылык каражаттарын чыгымдоодо 51.8 миң сом суммасындагы бузуулар жана кемчиликтер.

•        Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сактоо боюнча долбоорлорду/программаларды баалоо жана тандоо боюнча эксперттик комиссия, коммерциялык жана жеке ишкерлердин долбоорлорун каржылоону негизсиз жактырган, анын натыйжасында Фонд тарабынан 758.4 миң сом каржыланган.

Аудиттин материалдарына укуктук баа берүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жөнөтүлөт.