Кочкор районунда 150 орундук мектеп ачылды

Кочкор районунун Ак-Кыя айылындагы Үсөн Бейшеев атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгү билдирди.

Мектептин 1953-жылы курулган мурдагы имараты 2006-жылдагы жер титирөөдөн кийин авариялык абалга келген. 2015-жылы жаңы мектептин курулуш иши башталып, каражат толук бөлүнбөгөндүктөн курулуш дээрлик 8 жылга созулган.

Быйыл жетпеген каражаты каржыланып, республикалык бюджеттен 52 млн сомго курулуп бүттү. Курулуш ишин “Имарат Строй” ишканасы жүргүздү.