Минкаб 90 күнгө көмүрдүн баасын көзөмөлгө алды

Көмүрдүн кымбатташына жол бербөө үчүн минкаб 90 күнгө бааларды көзөмөлгө алды. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Такталгандай, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өз ишин минкабдын 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 токтомуна ылайык жүргүзөт жана Кыргызстандын аймактарында жана Бишкек, Ош шаарларында көмүргө болгон баанын максималдуу деңгээли коюлат.