Шопоковдо «Кара-Кече» көмүрү алты миң сомдон сатылууда

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Сокулук районунда көмүрдүн баасына мониторинг жүргүздү.

Такталгандай, Шопоков шаарында көмүр сатылуучу жайлардагы абал менен таанышты. Учурда «Шабыркүл» көмүрү 6.1 миң сомдон, «Кара-Кече» 6 миң – 6.5 миң сомдон сатылып жатат.

Мониторингдин жүрүшүндө нан азыктарын өндүрүүчүлөр (нан бышыруучулар) жана сатуучулар « Чуй облусунун аймагында биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нанына (бөлкө нан) жана нан азыктарына (тандыр нан) баалардын максималдуу деңгээли белгилөө жөнүндө» буйрук менен таанышты, ошондой эле нан азыктарын сатуучулар/таратуучулар арасында биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нанына (бөлкө нан) жана нан азыктарына (тандыр нан) баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Чуй облустук бөлүмүнүн бул багыттагы иштери мындан ары да улантылат.