Таш-Көмүрдө нандын баасына мониторинг жүрүп жатат

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Таш-Көмүрд 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан жана нан азыктарынын бааларына мониторинг жүргүдү.

Мекеменин маалыматына ылайык, мониторинг учурунда Таш-Көмүр шаарынын аймагында жайгашкан 4 наабайканада нандын баасы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы наабайканаларда, 290гр тандыр наны дүң баада 24 сомдон, же белгиленген максималдуу баадан 1 даанасы 2-2.5 сомго чейин арзан, ал эми 450 гр бөлкө наны дүң баада 29 сомдон сатылып жатат. Себеби бөлкө нан Шамалды-Сай шаарчасынан ташылат.

Ал эми соода түйүндөрүндө жана борбордук базарда чекене баасы 32 сомдон сатылып жатат. Сатуучуларга нандын баасын төмөндөтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Нандын баасынан сырткары Таш-Көмүр шаарындагы ун, көмүр, эт жана социалдык маанилүү товарларды сатуучуларга бааны негизсиз жогорулатпоо боюнча эскертилди.